Касым-Жомарт Токаев I даражадагы «Манас» орденин алуудан баш тартты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин ата мекендик, чет өлкөлүк сыйлыктардуу алуудан баш тартты. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, орус тарап Касым-Жомарт Токаевди Александр Невский атындагы орден менен сыйлоону сунуштаган. «Өлкө башчысы ага көрсөтүлгөн сый үчүн ыраазычылык билдирет. Бирок президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин ата мекендик, чет өлкөлүк да сыйлыктарды алуудан баш тартты. Ошол себептен жакында Бишкекке болгон иш сапарында I даражадагы «Манас» орденин кабыл алган эмес», — деп билдирген казакстандык саясатчы Ербол Едилов. 

Аталган маалыматты Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз кызматчысы Руслан Желдибай да тастыктаган.