«Каза болду, сөөгүн алып кеткиле дешкен, келсек, жок». «Бөрү» жоокери Жамал Тойчиев изделүүдө

Баткендин Бужум айылында «Бөрү» атайын дайындоодогу отрядынын жоокери катары кызмат өтөгөн 1985-жылы туулган Жамал Тойчиев изделүүдө. Аны туугандары издеп жатышканын жаш саясатчы Темирлан Султанбеков соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Акыркы жолу бир сутка мурда командирине байланышкан. Кийин ата-энесине уулунун каза болгонун айтышып, Ошко чакырышкан. Бирок келгенде анын сөөгүн таба алышкан эмес. Балким, араңыздарда аны билген адамдар бардыр», — деп жазылат билдирүүдө.