Дүйнөнүн 2 жолку финалисти жана Азиянын 3 жолку чемпиону Жамиля Бакбергенова кыргыздардын колдоосуна суктанды. Анын видеосу соцтармакта жарыяланды.
«Мен кыргыз элине суктанам. Ынтымактуу, биримдиктүү калк. Спортсмендерин жапырт колдошот. Бир жолу залда машыгып жатам. Өзүбүздүн бир бай ага келди. Намысыма тийди. «Эмне кыргыз балбан кыздарындай жеңишке жете албайсыңар?» дейт. «Силер кыргыз байкелердей спортсмендерди колдой аласыңарбы?» дедим. Кыргыздар жеңишке жетсең, дуулдап колдоп жиберишет экен да. Үйүңдү, машинаңды алдыңа тартуу кылып жиберчү кыргыз жигиттери көп экен да. Шарт түзүшөт, сыйлашат. Жеңилип калсак, бизди өзүбүздүкүлөр мазакташат. Кыргыздар тескерисинче, спортсмендерин коргошот, жапырт колдошот», — деген ал.
Зардалы айылына президент тарабынан Тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 14-июнда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым...
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу үй-бүлөсүнүн атынан өз каражатына 14 балалуу Майрамбек Алыбаевге Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды....
Кыргызстанда айдоочулукка талапкерлер 083/у медициналык маалымкатты онлайн алса болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. "Эми Кыргыз Республикасынын жарандары транспорт...