Казакпаевдин өлүмү боюнча Бириккен демократиялык кыймылы кайрылуу жасады

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча Бириккен демократиялык кыймыл кайрылуу жасады. Анда бир жыл мурун Марат Казакпаев УКМКнын СИЗОсунда жатып ден соолугуна байланыштуу, ошондой эле тергөө тарабынан жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлоо үчүн кысым болуп жатканын билдиргени айтылат.

«Казакпаевдин өлүмү айыпталып жаткандарга жана соттолгондорго кыйноо жана адамгерчиликсиз мамиле системалуу түрдө колдонулуп жатканын, аларга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүгүн ачык көрсөтүп турат. Марат Казакпаев мындай мамиленин курмандыгы болду. Ага козголгон иш ойдон чыгарылгандыгынан күмөн санабайбыз. Белгилүү саясат таануучунун изилдөө ишмердүүлүгү атайылап жана жалган чет мамлекеттин пайдасына маалымат чогултуу катары квалификацияланган. Анын үстүнө УКМКнын тергөөнү атайылап создуктуруп, Казакпаевди мыйзамда белгиленген мөөнөттөн ашык камакта кармоосу да анын өлүмүнө себеп болду», — деп жазылат кайрылууда.

Президент Садыр Жапаровдон УКМКнын жана Башкы прокуратуранын жетекчилигинин жоопкерчилиги каралышын, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматынан алуу чарасын көрүшүн, кылмыш ишин козгоо фактыларын, тергөө бюрократиясын жана Марат Казакпаевге өз убагында медициналык жардам көрсөтпөө фактыларын кылдат жана объективдүү иликтенишин талап кылынган.

Акыйкатчы, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору, укук коргоочулар жана эл аралык уюмдардан камактагылардын өз убагында жана натыйжалуу медициналык жардам алуу укуктарынын бузулушуна, мыйзамсыз кармоонун жана анын көп сандаган фактыларына өзгөчө көңүл буруу суралган.