Казакстанда 24 жылдан бери иштөөгө мажбур болуп жүргөн жигит паспорт алды

Бүгүн, 10-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24 жылдан бери Казакстанда иштөөгө мажбур болгон жана өздүгүн тастыктоочу документтери жок Ош облусунун Ноокат районунда 1995-жылы туулган Кадыров Санжарбек Саибжоновичти кабыл алды.

Көрүлгөн чаралардын негизинде Кадыровго Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн негиз болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген.

1998-жылы Кадыровдун ата-энеси ажырашып, атасы 3 баласын Казакстанга айыл чарба жумуштарына алып кеткен. Казакстанда ал документинин жоктугунан мектепке барбай, талаада айыл чарба иштери менен алектенип жүргөн. 2010-жылы үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам үй-бүлөсүн таштап, Алматы шаарында металл буюмдарын чыгаруучу цехтердин биринде иштеп жүргөн. 2021-жылы жигиттин атасы коронавирустан каза болуп, сөөгү Алматы облусунун Кайнар айылында коюлган.