Казакстанда аял 45 жыл тизесиндеги ийне менен жүргөн

Алматынын тургуну 45 жыл тизе муунунда ийне сайылган бойдон басып жүргөн. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Борбордук шаардык клиникалык ооруканага жарым кылымга жакын убакыттан бери оң тизе муунуна тигүүчү машинанын ийнеси сайылган аял кайрылган. Аялдын айтымында, ал бала кезинде жаракат алган. «Ошол жылдар бою ал мени мынчалык кыйнаган эмес, быйыл гана ооруп, оору күн сайын күчөдү. Аксап калдым. Ошондуктан ооруканага бардым. Рентгенге түшүп, операция керек деп айтышты», — дейт бейтап.

Борбордук шаардык клиникалык оорукананын травматологдору ийнени жарым саат операция жасап алып салышкан. Операциядан кийин аял аксабай баса баштаган, ооруганы да басылган.