Казакстанда кармалган кыргыз музыканты Викрам Рузахунов бошотулуп, Бишкекке алынып келе жатканы маалымдалууда

Казакстанда кармалган кыргыз музыканты Викрам Рузахунов бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Бирок жогорудагы маалымат расмий түрдө ырастала элек.

«Музыкант Викрам Рузахунов бошотулганы жатканын Казакстандын Акыйкатчысы биздин Акыйкатчы аппаратынын жетекчисине билдирди», — деди Акыйкатчы институтунун маалымат катчысы Элмира Мадиева.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов жүргүзгөн Фейсбуктагы баракчада музыканттын бошотулганы жарыяланды. «Казакстандын күч органдары кармап, коңшулаш мамлекеттин ЖМКлары тарабынан “террордук топтун уюштуруучусу” катары айыпталып жаткан музыкант Викрам Рузахунов бошотулду. Өздүк булактар билдиргендей, учурда Викрам Рузахуновду Бишкекке алып келе жатышат. Аны бошотуу боюнча сүйлөшүүнүн башында Камчыбек Ташиев өзү турган», — деп жазылат билдирүүдө.