«Казакстандан келип кезек күтөмүнбү?» Кайрымдуулук фонддун жетекчиси белгисиз кыздар жоолугун жулуп, кол салганын айтат (видео)

«Жалгыз бой аялдарга жардам» аттуу кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Милита Мадалиева тамактануучу жайдан кезекте турган аялдар кол салгандыгын социалдык баракчасына жазып чыкты.

«Тамактануучу жайда балдарым менен кезекте турсам жанымдагы кыз менден ашып буюртма берем деп озунду. Мен аны шариятка ылайык, колум менен түртүп койгом. Ал «Мен Казакстандан келип кезек күтөмүнбү?» деп сөгүнүп баштады. Ошол жерден айтыша кеткенде бирөөсү бетиме чаап жиберди. Байкоочу камерага түшкөн видеонун баарын укук коргоочуларга тапшыргам. Тергөөчү экспертизанын жыйынтыктарын алып кеткен, кийин кылмыш иши болбойт деп, ишти жаап койду.

Балдарымдын көз алдында мени сабап, басмырлап, сөккөндөрү эч нерсе эмеспи? Менин уулум жакында операция болгон, аны да тээп, башка чабышкан. Окуядан кийин канча күн моралдык жактан сынып, иштей алган жокмун. Гипсти улам чечип, антибиотик сайдырып жаттым. Баарынан да ызалантканы, менин башымдагы жоолукту чечип, балама «сенин апаң ж…п» деп айтып, видеого тартышканы болду. Мен деле коргонуу үчүн урушуп, сөгүнгөм. Бирок алар чырды баштап, мага тобу менен кол салышты. Жанындагы эркек 3 жолу колумду кайрыды, бир кыз мени бир нече жолу чаап, бутумдун 3 жерин тиштеп алды. Мага биринчи кол салган кыздардын биринин күйөөсү жолугуп кечирим сурап, 100 миң сом сунуштап, 3 күн убакыт берүүнү суранган. Андан кийин ишти жаап коюшту. Ал киши болсо мени бардык жактан блоктоп салды», — деп жазган жабырлануучу.