Казакстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди (видео)

Казакстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бишкек ЖЭБи буга чейинки болгон авариялык кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн Казакстан Кыргызстанга 2 миң тонна дизель отун бөлдү. Жалпысынан 2 миң тонна дизель отуну жөнөтүлгөн.

1 миң тонна дизель түрүндөгү гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 2024-жылдын 28-февралында Казакстандын «Резерв» Республикалык мамлекеттик ишканасынын «Заря» филиалынан жөнөтүлгөн.

Бүгүн 17 вагон-цистернага салынган бул жүк Бишкекке келип, Энергетика министрлигине өткөрүп берилди.
Эми калган 17 вагон (1000 тонна) дизелдик отуну жакында келет.