Казакстандык компания Кыргызстанда тотализатор ачууга лицензия алды

Чет элдик компания Кыргызстанда онлайн-тотализатор ачууга лицензия алды. Бул тууралуу журналисттерге Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, лицензия Казакстанда Sports Entertainment катары катталган орус-казак 1XBET компаниясына берилген. «Компания лицензия алуу үчүн август айында кайрылган. Бир жумадай мурун компания мамлекеттик органдар менен келишим түзгөн. Алар үчүнчү жолудан лицензия алууга жетишти», — дешти Мамлекеттик каржы көзөмөл органынан.

Аталган башкармалыкка үч компаниянын юристтери казино ачуу үчүн кайрылганы менен азырынча лицензия алуу үчүн тиешелүү документтердин пакетин бере электиги көрсөтүлгөн.