Казакстандын «Достук» ордени менен Кыргызстандын 21 ишмери сыйланды. Тизме

Кыргызстандын бир катар ишмерлери Казакстандын 2-даражадагы «Достук» ордени менен сыйланышты. Тийиштүү жарлыкка аталган өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон.

Сыйлангандардын арасында ырчы, ТИМдин мурдагы башчысы, мамлекеттик катчы, учурдагы министр бар.