Казакстанга жөнөтүлгөн кыргыз аскерлеринин фото-видеосу жарыяланды

Кыргызстандан жөнөтүлгөн кыргыз аскерлери Алматы шаарындагы 2-ТЭЦти кайтарууну улантып жатышат. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинен маалымдашты.

«Биз Кыргызстандан келген тынчтык орнотуучу күчтөрүнөнбүз. Биздин максат — ЖККУнун макулдашуусунун алкагында Казак элине жардам берүү жана 2-ТЭЦти коргоо», — дейт аскерлердин бири.

Казакстанга Кыргызстандан 7-январь күнү атайын даярдыктагы «Скорпион» бөлүгү жөнөтүлгөн. Ал күчтөр 150 аскер кызматкеринен жана 8 брондолгон техникадан турат.