«Кечээ ооруканага 350 бала түшкөн». Бишкекте балдар арасында вирус күч алды

Mother hand holding sick daughter hand who have IV solution bandaged with love and care while she is sleeping on bed in the hospital (Mother hand holding sick daughter hand who have IV solution bandaged with love and care while she is sleeping on bed

Бишкекте балдар арасында вирус күч алды. Бул тууралуу журналисттерге №3 Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

Анын айтымында, шаардагы балдар ооруканасына кечээ эле 350 бала түшкөн. «Бөбөктөрдүн эти ысып, жөтөлүп, мурдунан суу агат. Бала тумоолоп калса, үйдө кармабай, дароо бейтапканага алып баруу керек. Анткени оору өтүшүп кетип, пневмонияга айланып кеткен учурлар бар«, — деди ал.

Дарыгер бул көрүнүштү эпидемия деп атоого болбостугун, кырдаал аба ырайынын тез-тезден өзгөрүүсүнө байланыштуу экенин айтты.