«Кечиктирип барса, дарыгердин күнөөсү жок». Мамакеев баланын каза болушу, дарыгерлердин камалышы боюнча үн катты

«Чоң жоготуу болуп, 3 жаштагы бала каза болуптур. Баланын өлүмүнө карата дарыгерлердин катасы деп 5 дарыгерди түрмөгө отургузуптур» деди хирург Мамбет Мамакеев. 

«Мен 70 жыл иштедим. Өмүр бою хирургияда иштеп, ыкчам хирургиялык жардам берип келдим. Айрым бейтаптар болот, аларга операциядан бөлөк алтын дары болсо да жардам бербейт. Азыр оорулар көп. Адамдын организми татаал. Кудай ушундай жараткан.

Мен 100 пайыз айта алам, эгер адам убактысында келсе, ал айыгат. Кыргызчылык бар бизде. Тоготпочулук, камарабастык. Өтөт деп жүрө беребиз. Бир күнү жарык жок, бир күнү аппарат жок, бир күндө жок дегенде 5 киши өлөт. Ошол үчүн дарыгер 24 саат нөөмөттө турат. 70 жылдын ичинде мен көрдүм да, катачылык болбой койбойт. Кээде диагноз коюш оор болот. Карап туруп айырмалай албайсың.

Балдарды баарыңар эле билесиңер, алар чоң кишидей эч нерсе айта албайт. Кайсы жери ооруп жатканын айта албай, ыйлай берет. Бул учурда биринчи дарыгер энеси болушу керек. Ойноп жүргөн бала жатып калса, эне анын бир жери ооруп жатканын билиши зарыл. Ошол учурда дарыгерге кайрылыш керек. Менин угушума караганда, бул баланын ичегиси түйүлгөн дейт. Ичеги иштебей калат. Бул моюндан кармап, муунткандай. 2-3 саатта эле өлүп калат. Ичеги тешилет. Анын ичиндегилери курсакка агат. Анын жакындары ошол абалга жеткирип, анан дарыгерге алып барса, анда дыргердин эч күнөөсү жок. Эч качан ооруканада өлгөн адамды ажалы жетти, же кеч барган деп айтышпайт. Барса эле союп өлтүрдү деп бизди күнөөлөйт», — деди ал.

Буга чейин Бишкекте ооруканалардын биринде катталган бала өлүмүнөн улам камакка алынган 5 дарыгер үй камагына чыкканы маалым болду.