«Келгиле, кыргыз тилинде сүйлөшөлү!». Балбан Айсулуу Тыныбекова кайрылуу кылды

«Бүгүнкү күндө тил маселеси мамлекетибиздин негизги багыттарынан болуп эсептелет!». Бул тууралуу спортчу Айсулуу Тыныбекова Инстаграмдагы баракчасына жазып, кыргыздын улуттук кийимин кийип түшкөн сүрөттөрүн жүктөдү.

«Урматтуу достор! Баарыңыздарды бүгүнкү мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! «Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» дегендей, кыргыз тилинин тарыхы — бул биздин элибиздин тарыхы. Бүгүнкү күндө тил маселеси, мамлекетибиздин негизги багыттарынан болуп эсептелет! Андыктан келгиле, достор кыргыз тилинде сүйлөшүп эне тилди өнүктүрөлү! Эне тилин билүү — улутуңа жана тегиңе болгон урмат-сыйдын белгиси», — деп жазды ал.