Ысык-Көлдө Канададан келген саякатчыга милиция кызматкери жардам берди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын инспектору, милициянын кенже лейтенанты Эрлан Асаналиев Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак бийик тоолуу аймагында нөөмөт иштерин жүргүзүү учурунда, жол четинен чыгып кетип, аӊдын ичинде тыгылып калган жол тандабастын жанынан бир адамды байкаган.
Аймактын өзгөчөлүктөрүн жакшы билген тартип сакчысы дароо окуя болгон жерге барган. Сураштырып келгенде, жол тандабастын айдоочусу Канададан келген турист болуп чыккан. Саякатчынын айтымында, ал бийик тоолуу аймакты аралап бара жатып, жол тандабас менен жолдун четиндеги аӊга түшүп кеткен. Ушундан улам, унаасы бузулуп калган.
Милиция кызматкери туристке жардам көрсөтүп, бузулуп калган жол тандабасты бийик тоолуу аймактан райондук борбордо жайгашкан техникалык тейлөө станциясына жеткиргенге чейин 2 күн коноктогон.
«Эки күндүн ичинде менин үйүмдө Канададан келген турист конок болуп, кытай тилин билген жубайым менен өз тилинде баарлашып жүрдү. Ал биздин меймандостугубузга абдан таң калып, Кыргызстандын көпчүлүк жашоочулары бактылуу болгондуктан, алыстан келген меймандарын да бактылуу болушуна көмөк көрсөткөн асыл сапаттарыбызды өзгөчө белгиледи», — дейт Эрлан Асаналиев.
Канадалык саякатчы милиция кызматкерине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, Ысык-Көл аркылуу сапарын уланткан.