Бүгүн, 8-майда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, орук ардагери 97 жаштагы Тажикан Мадимаровадан кабар алып, Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдирди.
Калаа башчысы кыйын күндөрдү башынан кечирип, бүгүнкү тынч жашоого салымын кошкон ардагерлер майрам күндөрү эле эмес, ар дайым көңүл борборунда экенин айтып, ардагерге ден соолук каалады. Акчалай сыйлык менен белектерин тапшырды. Ошондой эле, апанын үйүнөн чай ичип, кайнене, кайнатаны баккан келиндер — алтын экенин айтып, келинине акча берди.
Тажикан Мадимарова 1928-жылдын 26-январында төрөлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш маалында тылда эмгектенип, “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы талыкпаган эмгеги үчүн” медалы жана бир нече юбилейдик медалдар менен сыйланган. Согуш жылдарында жана андан кийин “Кызыл Пахтачы” колхозунда эмгектенген. Ардагердин 10 баласы, 37 небереси, 70 чөбүрөсү жана 2 кыбырасы бар.












