«Кемчиликтер жоюлду». Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайындагы мыйзам бузуулар боюнча Жалал-Абад ОИИБ үн катты

12-октябрь күнү Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тарабынан Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүлгөн. Алар убактылуу кармоочу жайдагы кылмышка шектүү жарандын 13-августта Ноокен соту 11-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалганын, бирок 12-октябрда ал соттун чечими жок УКЖда кармалып отурганын билдиришкен. Ошондой эле убактылуу кармоочу жайдын аптечкасында мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер бар болгонун маалымдашкан.

Жалал-Абад ОИИБ бул маалымат боюнча үн катып, төмөнкүдөй маалымат берди. «Ошол учурда Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турган шектүүнүн өздүк иши текшерилип, анын бөгөт коюу чарасы узартылган токтому жок деп белгиленген. Ноокен райондук сотунун судьясы тарабынан жогорудагы шектүүнүн тандалган камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз эки айга калтырылып, башкача айтканда, 5-декабрга чейинки мөөнөткө узартылып, токтом менен тескеме Ноокен райондук соту тарабынан 12-октябрь күнү саат 15:00дө Ноокен РИИБдин УКЖна берилип, өздүк ишине тигилген. Ал эми  Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайындагы дары-дармектер боюнча коюлган кемчиликтер толугу менен жоюлду», — деп айтылат маалыматта.