Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды үй камагына чыгарып эле тергей берсе болбойбу?

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды үй камагына чыгарып эле тергей берсе болбойбу? Бул суроого Жогорку Cоттун төрагасы Замирбек Базарбеков жооп берди.

— Тергөө органдары тарабынан айыпкерлерге угузулган айыптары оор жана өзгөчө оор кылмыштардын тобуна кирет. Эгерде ден соолугуна байланыштуу болуп жатса анда Бектур Асановдукундай болуп бөгөт коюу чарасы өзгөртүлөт. Бектур Асанов саламаттыгына байланыштуу операция зарыл деген өтүнүч келтирилип, үй камагына чыгарылды.

— Камактагыларды бошотуу боюнча ар кандай акциялар сотторго таасир этеби?

— Каралып жаткан иштер боюнча ар кандай митинг же башка акцияларды уюштуруунун өзү сотторго болуп жаткан кысым болуп калат. Жарандарыбыз Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылган чечимдерге баш ийүүнү дагы билиши керек. Алар биздин Конституциябызга ылайык бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан сөзсүз түрдө аткарылууга жатат.