Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын ишине эмнеге чекит коюлбай жатат?

Жогорку Cоттун төрагасы Замирбек Базарбеков «Кабар» агенттигине маек берип, анда Кемпир-Абад иши боюнча камактагылардын соттук териштирүү иши эмне себептен кечеңдеп жаткандыгын түшүндүрүп берди.

«Бул иш боюнча камакта жаткандардын айылдарында туугандары акцияга чыкканынан кабарыбыз бар. Ал эми соттук териштирүүлөрдүн создугуп жатканына биринчи кезекте камактагылар өздөрү себеп болууда. Алардан мурда биз өзүбүз бул иш райондук инстанциядан өтүп, кийинкилерине жылышына кызыкдарбыз. Создуктуруп, камакта кармап жата берели деген кыпындай да оюбуз жок. Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар камакка алынгандан кийин тергөө иштери бир нече ай убакытты алды. Кылмыш иши да көлөмдүү – 60 том. Иш сотко өткөн соң ал карала баштады. Бирок бир күнү камактагы бирөөсүнүн жактоочусу келбей калат, башка күнү камактагылардын арасынан бирөөсү ооруп калат, же атайылап адвокатын жибербей коет, же сотто “биздей баатырлардан тукум алып калгыла” деген сыяктуу “шоу” кылышат.

Андыктан соттук териштирүүнүн созулуп кеткенине биринчи кезекте камактагылар өздөрү күнөөлүү. Мыйзамдарда каралган атайын процедуралык ченемдер бар. Ошолордун талабына ылайык соттор отурумду улам кийинкисине жылдырууга аргасыз болушат. Айыпкерлердин жана алардын жактоочуларынын өтүнүчтөрү боюнча ишти кароо 20 жолу кийинкиге жылдырылыптыр, бул расмий факт. Мисалы, бирөөсүнүн адвокаты ооруп калса, сот ишти карай берем десе, ага башкалары эч качан макул болбойт. Эмнеге минтип өздөрү создуктуруп жатышат биз үчүн да түшүнүксүз. Сотто каралып баштаганы бир жарым жыл эмес, сотто сегиз айдан бери каралып келе жатат.

— Негизи, ушул сыяктуу иштер канча убакытка созулат? Башкаларга салыштырып айтсак болобу? Балким эл аралык тажрыйбадан мисалдар бар?

— Угузулган айыптары оордугуна жараша бир же эки айга созулат. Эл аралык мыйзамдардын талаптарына биз таянбайбыз, анткени эгемендүү мамлекетибиздин өз мыйзамдарына баш ийебиз.