«Кемпир-Абаддан кийин Жетим-Тоо турат». Илгиз Шаменов ага карата ырайымсыз мамиле болуп жатканын айтты

«Менин кармалгандыгым Жетим-Тоого байланыштуу деп ойлойм, себеби Кемпир-Абаддан кийинки кезекте Жетим-Тоо турат». Бул тууралуу убактылуу кармоочу жайда жаткан жарандык активист Илгиз Шаменов жазды.

«Мен негизсиз түрмөдө отурганым аз келгенсип, мага карата айрым СИЗОнун кызматкерлери аркылуу кысым, негизсиз текшерүүлөр, кылган мамилелери, коркутуулар болуп жатат. Бул боюнча СИЗОнун жетекчилерине бир нече ирет кайрылдым, жыйынтык жок. Мен жаткан камерага өз апасына 90 жолу бычак сайып өлтүрүүгө шектелип кармалган, психологиялык жактан дагы жабыр тарткан адамды кошуп коюшту. Эмне максатта мындай кылып жатышат, билбейм… Ошол себептен коомчулукка кайрылып жатам», — деп жазылат катта.