«Кеп биздин көчүктө эмес!» Назира Айтбекова Шайлообек Атазовго кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун «жашы жете элек кыздарды жалгыз өлкөдөн чыгарбоо керек» деп айтып чыккан маселеси боюнча алып баруучу Назира Айтбекова депутатка кайрылды.

«Кеп биздин көчүктө эмес! Аялдарды шыгыратып, жер төлөгө камап койсоң деле, кенедей балдарды зордуктоого, анан бири-бирин зордуктоого өтүшөт.

Эркек эркекти зордуктаган учур толтура! Аялды кой, эшиктин алдында байланып турган эчкиге деле “иштеп” кетип атпайсыңарбы! Бекеринен биздин өлкөдө эң көп порносайт, болгондо да аналдык кекс көрүлбөйт турбайбы!

Бардык нерсенин тамыры мээде! Ансыз деле кыздарыбыз силерден жашынып, чүмкөнүп, тумбаланып бүттү! Болбой эле зордукталып жатышат! Мага жазган каттын баарында кыздар «Мен узун көйнөк кийип жүргөм”, “Узун, калың курткачан болчумун!”, “Боюмда бар болчу!” деп актанышат.

Кыздар, кеп силердин кийимде эмес! Кеп тигилердин мээсинде! Силер ачык жүргөн күндө да, мас болуп жатып калсаңар да, ал тургай, силерге тийген эркек гана күнөөлүү болот! Куранда да алгач эркек көзүн тыйсын деп жазылыптыр. Теологдон тастыктаттым.

Атазов, масштабдуу ойлоно албасаңыз, мандатты тим эле коюңуз. Сиздин округдан ушундай акылдуу талапкерлер бар эле. Сиздин өткөнүңүз өкүнүчтүү! Андан көрө педофилдердин көчүгүн тыя турчу бир депутат келсе болмок экен!» — деп жазган Назира Айтбекова.