Кичинекей Аруузат Ташматова золгенсма дарысын ала элек. Аруузаттын ата-энеси акыркы маалымат менен бөлүштү (видео)

Март айында сейрек кездешүүчү генетикалык ооруга чалдыккан Аруузат Ташматованын дүйнөдөгү эң кымбат золгенсма дарысын алуу үчүн чогултулган эсеп жабылганын ата-энеси кабарлаган. Аруузат учурда ал уколду ала элегин жана ага эмне себеп болгонун ата-энеси Инстаграм баракчасы аркылуу кабарлашты.

— Июль айында Орусияда золгенсма препараты сатууга чыккан. Бирок биз чогулткан 121 миллион рублга дагы 10 пайыз салык кызматы кошулуп, жалпы сумма 133 миллион 120 миң рубль болорун маалымдашты. Албетте, биз жаңы сумманы угуп нес абалда калдык. Бирок золгенсма дарысын алган бир үй-бүлө менен сүйлөшүп, алар Дубайдан алганын билдик. Препаратты алуу боюнча учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар дарыны алууда эч кандай чек болбой турганын билдиришти.

Дубайда золгенсма 6 миллион 670 миң дирхам, азыркы курс менен эсептегенде 1 миллион 810 миң доллардын тегерегинде болуп жатат. Биздин эсепке акчалар дүйнөнүн булуң-бурчунан түшкөндүктөн, ар кайсы валютада жөнөтүшкөн. Азыр банктар менен сүйлөшүп, ыңгайлуу курс менен акчаларды алуу жагын караштырып жатабыз. Буюрса, биз чогулткан акча жетип калат. Мындан кийин да жаңы маалыматтар менен бөлүшүп турабыз», — деп билдиришти ата-энеси.

Эске салсак, Аруузат Ташматова СМА деген диагноз коюлган жана дарылоо үчүн өтө көп суммадагы каражат керектелиши маалымдалып, март айында 140 миллион сом топтолуп бүткөн.