Abank july
SerepTV Logo

"Кичинесинде бардык жомокторду окуп чыкты. Китепке абдан кызыкчу" дейт Нуржигит Кадырбековдун апасы

"Кичинесинде бардык жомокторду окуп чыкты. Китепке абдан кызыкчу" дейт Нуржигит Кадырбековдун апасы
SUPERTV’нын “Бейишим ата-энем” долбоорунун кезектеги каармандары Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков менен апасы Суусаркан Шекеева болду. Шакееванын айтымында, уулу кичине кезинен китепке жакын болуп, 4-классында "Манас" эпосун окуган. "Уулум кичине кезинде эле күтүлбөгөн жерден сонун сөздөрдү сүйлөп койчу. 6-7 жашында китептерди окуганын байкап калдым. Китепке абдан кызыкчу. Мектепти да жакшы окуду. Китеп эле издейбиз. Жомокту бүткөн соң, "Манасты" окуп жатыптыр. Анда уулум 4-класста окучу",- дейт эл өкүлүнүн апасы.