«Кир, шыптар көгөрүп кеткен, чатырдан суу тамчылайт». Сузактагы оорукананын кейиштүү абалы (сүрөт)

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин бир тобу Сузак районундагы аймактык ооруканага мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Бул мониторингдин жүрүшүндө аныкталгандай, оорукана санитардык ченемдерге жана калктын саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоо талаптарына таптакыр жооп бербейт. Тактап айтканда, оорукананын тепкич аянтчалары жана коридорлору таза эмес, бардык жер кир, дубалдардан шпатлевка күбүлүп түшүп, шыптар көгөрүп кеткен, чатырдан суу тамчылайт, палаталардын терезелеринин алкактарындагы тешиктерден шамал кирип турат, суук түшүшү менен клеенка менен чапталат, бул палаталарды талаптагыдай желдетүүгө шарт түзбөйт. Палаталарда жуунуучу жайлар каралган эмес, бейтапкананын жападан жалгыз душ бөлмөсү иштебейт жана башка максатта (анда чарба буюмдары сакталат) колдонулат. Бейтапкананын эки бөлүмүнө (терапия жана неврология) бир даараткана бар. Мындан сырткары, оорукананын палаталары 4 кишиге ылайыкталганына карабастан, ал жерде 6дан бейтап жатышат. Экинчи кабатта жайгашкан хирургия бөлүмүнүн үчтөн бир бөлүгү балдар бөлүмүнө берилген. Эки бөлмөнүн абалы тең начар, дубалдарда жарака, вентиляциялык тутум жоктугунан шыптарды көк баскан. Терезелери да ушундай абалда.

Бейтаптар менен маектешүүдө анык болгондой, мамлекет тарабынан акысыз берилүүчү айрым дары каражаттарын өзүлөрү сатып алышат. Бейтаптар менен маектешүүдө алар медициналык тейлөөнүн абалы жана дарыгерлер жөнүндө жакшы гана пикирде. Сузак райондук оорукананын имаратынын абалы кейиштүү.

Акыйкатчынын өкүлдөрү менен маектешүүдө оорукананын башкы дарыгери белгилегендей, медициналык мекеменин жетекчилиги ооруканадагы абалды жакшыртуу жана техникалык абалын жакшыртуу боюнча медициналык мекеменин жетекчилигинин аракетине карабастан, абалды жакшыртуу мүмкүн эмес, анткени бул оңдоп-түзөө жумуштарына тендер өткөрүүгө мораторий коюлган. Мамлекет тарабынан ремонт иштерине эч кандай каражат бөлүнбөйт, ушуга байланыштуу дарыгерлердин иш бөлмөлөрүн, бейтаптар үчүн палаталарды, бүтүндөй алганда оорукана имаратын өз убагында оңдоого мүмкүнчүлүк жок. Ал эми акысыз берилүүчү айрым дары-дармектерди бейтаптар тарабынан сатып алынган себеби медикаменттерди жабдып турууга жана таңуучу материалдар боюнча тендер үзгүлтүккө учураганда ушундай учурлар келип чыгат. «Ооруканабыздын имараты эскилиги жеткен, алар советтик доордо курулган жана кыйла аз адамга эсептелген болчу. Азыркы учурда Сузак районунун калкынын саны бир топ өскөн, ден соолугунун көйгөйлөрү бар бейтаптардын саны жыл сайын көбөйүүдө, ошол себептен бейтапканын бөлүмдөрү ар дайым толуп-ташып турат», — деп белгиледи Сузак аймактык ооруканасынын башкы дарыгери.