УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы Барпы айылында жайгашкан Ынтымак орто мектебине китеп алып барып берди.
Ал китеп алардан мурда мектепке кайсы китептер жетишсиз экенин тактап алганын билдирди. «Мындан ары Ынтымак мектебинде китеп жетпейт деген маселе болбошу керек. Биз силерге шарт түзүп берип жатабыз. Ата-энеңер силерден жакшылыкты күтүп жатат. Ошону актагыла. Жакшы окугула. Жаман адам болбогула», — деди ал.