Кечээ, 27-ноябрда УКМК Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бир нече сойкуканада 130дан ашуун кыз-келиндердин аныкталганын маалымдап, пресс-релиз менен кошо алардын бети ачык көрүнгөн сүрөттөрүн, паспортторун кошо жарыялады.
Бул коомчулуктун көз жаздымында калган жок. Соцтармактын колдонуучуларынын көбү кыз-келиндердин сүрөтү ачык көрсөтүлгөнүнө нааразычылыгын билдиришүүдө. Бирок сабак иретинде алардын сүрөтү жашырылбай берилгенин колдогондор да бар.
Адатта жогорудагыдай маалымат укук коргоо органдары тарабынан берилген учурда кармалган жарандардын көзү жашырылып, аты-жөнүнүн бир гана баш тамгалары жазылат.
Баары эле сойкуларды жактаптыр,кыздардын баары сойку болуп кетти.Жузун ачык чыгарган жакшы.Мисалы биздин баштан канча кыйынчылыктар отсо да эмнеге сойку болуп кеткен жокпуз,ал адамдын озунон эле болот.