«Кой багып жүргөн». Жалал-Абадда 6 айдан бери дайынсыз болуп жаткан киши табылды

Жалал-Абадда 6 айдан бери дайынсыз болуп жаткан Батирбек Жураев Талас облусунан табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

8-февраль күнү Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан Базар-Коргон районунун 1985-жылы туулган тургуну Жураев Батирбек Юнусович 26-июлдан бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат таратылган. Бул маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган соң, кайдыгер эмес жарандар тарабынан анын жүргөн жери боюнча маалымат милицияга келип түшкөн. Ал 2022-жылдын июль айынын аягында Кара-Буура районунун Аманбаев айылына барып, бирөөнүн койлорун багып жүргөндүгү белгилүү болду.

Бүгүн, 10-февралда Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери Таластан алып келишип, туугандарына өткөрүп беришти. Ал психикалык жактан жабыркап, эс-тутуму начар болгон.