Кой-Таш окуясы. Алмазбек Атамбаевден башкаларынын бөгөт чарасы өзгөртүлдү

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча соттук отурум уланууда.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден башка бардык айыпталгандарга карата баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылды. Ал эч жакка кетпөө түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоону суранды. Кеңешме бөлмөсүнөн чыккан судья Азирет Медеров өтүнүчтү канааттандырды.

Прокурор буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасы тандалбаганын түшүндүрдү.