Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.
«Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында СИЗО-1ге камалды. Ал 5-октябрга чейин камакта болот», — деди ал.
Эске салсак, буга чейин адвокаты «299 күндүн ичинде бир жолу Равшан Жээнбеков саат 22:00дөн кийин Эркиндик бульварына сейилдөө үчүн үйдөн чыгып кеткен. Бул жайдын ысык кечи болчу, аздыр-көптүр салкын бульвар анын үйүнүн жанында жайгашкан. Эми алар бул үчүн СИЗОго камалганы жатат«,- деп жазып чыккан эле.