Узундугу 3890 метрди түзгөн «Көк-Арт» тоннелинин түндүк жана түштүк жагынан казылышы аяктап, учурда ал жерде казуу, бекемдөө иштери уланууда. Бул тоннель «Түндүк-Түштүк альтернативдик жол» долбоорунун алкагында курулууда. Тоннель Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 334-338 чакырымдарындагы Казарман — Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан.
Тоннелдин узундугу 3890 метр, туурасы 10 метр, бийиктиги 8,5 метрди түзөт. Объект даяр болгондон кийин, карама-каршы келе жаткан эки оор жүк ташуучу унаанын тыгын пайда кылуу коркунучу жок, эркин өтө алат. Долбоордун баасы 136 миллион долларды түзөт. Тоннелди толук бүтүрүү 2024-жылдын аягына пландалууда.