Невозможно загрузить видео из-за сетевого или серверного сбоя либо формат не поддерживается.
Начало диалоговго окна. Кнопка Escape закроет или отменит окно
Конец диалогового окна.
31-августта Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогуна болгон оюнду жогорку лигада “Ынтымак” жеңди. Финалдык беттеште “Ынтымак” менен “Достук” кез келип, эсеп сандар 2:1 менен “Ынтымактын” жеңиши менен аяктаган. Күбөлөр жазгандай, оюн массалык башаламандык менен аяктады. Күйөрмандар калыска нааразы болуп, оюн талаасына чуркап жөнөшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча алар калысты сабап салышкан. Ал эми ошол эле күнү көк бөрү боюнча “Ынтымак” жана “Достук” командаларынын кайрылуусу тарады. Андан алар элди бөлүнбөөгө чакырган. Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган окуядан кийин ооруканага 2 адам кайрылганын, анын бирөө укук коргоо органынын кызматкери, экинчиси улакчы экенин, бирок оюнчу аттан кулап жаракат алганы айтылды. Ал арада УКМК башчысы чукул кайрылуу жасап, чыр чыгаргандар жазасын аларын убада кылды. Милиция 25 адам бөлүмгө жеткирилгенин билдирген.
Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жетектөөчү артисти, белгилүү актёр Руслан Курманалиев 53 жашында көз жумду. Руслан Курманалиев...
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөндөгү оорукананын абалы өтө начар экенин айтты. "Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөн шаарынын ооруканасына барып келдим....
Кыргыз театр жана кино өнөрү чоң жоготууга учурады. Актёр Руслан Курманалиев каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кесиптештери билдиришти....
”Жалал-Абаддык туугандардан Ош шаарынын элине белек” деп жазылган, катар тизилген 10 жаңы унаа бүгүн, 23-августта Ош шаарынын мэриясына белек катары...
Казакстандык журналист, Казакстандын президентинин "Президент" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Адил Балтабаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге суроо берип, тамашалуу жооп алды. ...