Көк-Сайдан чыккан күйдүргүгө байланыштуу кошуна Шекер айыл өкмөтүнө карантин киргизилди

Талас облусуна караштуу Көк-Сай айылынан күйдүргү эки адамдан аныкталганына байланыштуу кошуна Шекер айыл өкмөтүнө да карантин киргизилди. Бул тууралуу айылдын өкмөт башчысы Канат Чомотоев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

— Күйдүргү жуктурган мал бизге кошуна болгон Көк-Сай айыл өкмөтүндө союлган. Ал айыл өкмөт менен жайыттарыбыз жакын, малдарыбыз бири-бирине өтүп тургандыктан биз дагы Шекер айыл өкмөтүнө карантин киргиздик. Ага ылайык, убактылуу эки айыл өкмөтүнүн мал азыктарын — сүт, этти мал базарга өткөрбөй турабыз. Бул тууралуу элге түшүндүрүү иштерин жасадык. Райондук ветеринарияга окуя тууралуу билдирилип, алар келип, көрүп, вакцина кылуу жагын айтышты. Буюрса, вакцина иштерин баштадык, — дейт айыл өкмөт башчы.