«Колуна алып жылытып, суу берип». Көгүчкөндү куткарып калган куткаруучунун сүрөттөрү

ӨКМдин кызматкери тоңуп калган көгүчкөндү куткарып калды. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бул Ала-Арча дарыясындагы музду тазалоо учурунда болгон. Куткаруучу дарыянын жээгинде көгүчкөн учуп кете албай турганын байкаган. Колуна алып, жылытып, ага суу берген.