“Колундагы кайчы менен кулап түшкөн”. Ошто 5 жаштагы кыздын бетине кайчы сайылып калган (сүрөт)

Ош облустук балдар клиникалык ооруканасына 9-март күнү Кара-Суу районунун тургундары 5 жаштагы кызын алып барышкан жана ал чукул түрдө кулак-тамак мурун бөлүмүнө жаткырылып, ага операциялык жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

Кыз үйүндө столдун үстүнөн жыгылып түшкөн, ошол учурда колунда кайчы болгон. Кайчы оң жак жүзүнө 6-7 сантиметр сайылып калган. Оң жак гайморит көңдөйчөсүн тешип өтүп, көз асты аркылуу баш сөөктүн негизинде жайгашкан көңдөйчөнүн сөөгүнө сайылып токтогон. Баланын бактысына ошол жерде жайгашкан чоң артерияларга тийген эмес, андай учурда баланын өмүрүнө кескин түрдө залал тийип калмак. Азыркы учурда бейтаптын абалы жакшы, ооруканадан үйгө чыгууга даярдык көрүлүүдө. Мындай татаал операцияны кулак-тамак мурун бөлүмүнүн бөлүм башчысы жасаган”,- деп айтылат маалыматта.