Кийинки жумада Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору талкууланат. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда парламенттин жыйынында спикер Талант Мамытов билдирди.
«Баш мыйзамдын долбоору конституциялык кеңешмеден келип түштү. Кийинки аптада бул маселени карап чыгуу сунушу келди. 17-февралда долбоорду карайбыз. Кулактандыруу катары айтып коёюн», — деди ал.
Жогорку Кеңештин сайтына Конституциянын жаңы долбоору жайгаштырылды. Былтыркы жылы 17-ноябрда Жогорку Кеңеш баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга коюп, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүлгөн болчу.