Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду. Мыйзам боюнча, Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун колдоп же четке кагып, эгер жактырылса, референдум дайындашы керек.
Өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.
20-ноябрда ошол учурда президенттин милдетин аткарып келген Талант Мамытовдун жарлыгы менен Конституциялык кеңешме тузүлгөн. 27-январда кеңешме өз ишин жыйынтыктаган болчу.