Коопсуздук кеңешинин катчысы БШКнын серверине 20дай өлкөдөн чабуул болгонун айтты

БШКнын сервери хакердик чабуулга кабылды. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, кечээ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков менен биргеликте БШКнын серверин текшеришкен. Эксперттер чабуул жасалганын билдиришкен. «Хакердик чабуулдар болжол менен 20 өлкөдөн болгон, бирок жакшы коргоонун аркасында сервер бузулган жок»,- деди ал.