«Кулпунай, малинаны үшүк уруп, «шок» болуп жатат». Ишкер демейдегиден суук жаздын дыйканчылыкка тийгизген кесепетин санады

«Көп жылдык кулпунай, малинаны үшүк уруп, «шок» болуп жатат». Ишкер Рысгүл Акимжанова демейдегиден суук жаздын дыйканчылыкка тийгизген кесепетин соцтармактагы баракчасында санап өттү.

«Быйыл аба-ырайы суук, жаз мелүүн. Күн көп жылыбай, мөңгү эрибей, сайларда суу аз, кудуктарда суу көтөрүлбөй, суу жок. Арыктарда сугарганга да суу жок.

Жемиш берген бактардын гүлдөрүн бир сыйра үшүк урду, кышкы алмалар эле аман калбаса, калганы аз чыгат. Көп жылдык деген кулпунай, ежевика, малинаны үшүк уруп, «шок» болуп жатат.

Жердин тоңу чыкпай, топурак суук. Жер-жемиштин көчөттөрү өспөй, үшүп, сезондон бир аз кечигип жатат. Кеч жетилген жер-жемиш сентябрда бышып, көпчүлүгү окууга кетип, тергенге жумушчу жок болгон үчүн да кымбаттайт. Жай салкын болсо, чоң суу сактагычтарга да суу толуусу кыйындап, кышында электр энергия тартыштыгы жаралышы мүмкүн.

Алдыда былтыркы жана быйылкы аба-ырайы келтирилген. Аба-ырайынын орточо айырмасы 5°», — деп жазылат билдирүүдө.