Кореяда кыргыз кызы «Сеулдун ардактуу жараны» наамын алды (сүрөт, видео)

Биздин мекендешибиз Гүлшаир Надырбековага «Сеулдун ардактуу жараны» наамын салтанаттуу тапшыруу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова жазып чыкты.

«Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчилиги бул наамды алуу үчүн Гүлшаир Надырбекованын талапкерлигин сунуштады, ал эми Гүлшаир билимин жана тажрыйбасын пайдаланып, көптөгөн атаандаштарды жеңип чыгып, наамдын ээси болду. Гүлшаир элчиликтин ишине абдан активдүү катышып жатат. Ийгиликтүү ишкер, кыргыз-корей соода мамилелерине да чоң салым кошуп жатат. Корей тилин да мыкты билет», — деп жазды ал.