Дүйнөлүк рейтинг боюнча Кыргызстан 93-орунда турат: вирус жуктургандардын саны 180 миң кишини жана каза болгондордун саны 2620 адамды түздү. Бул тууралуу “Профилактическая медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов маалымат жыйында билдирди.
“Дүйнө жүзүндө 2,8 миллиард адам эмдөөдөн өткөн, эмдөөнүн пайызы 40тан ашык мамлекеттерде 60-74 пайызга жетсе, КМШ өлкөлөрүндө 30 пайызды түздү. 2019-жылдын аягында пайда болгон коронавирус инфекциясы мутация болуп жатканына байланыштуу, аны алдын ала божомолдоо үчүн маалыматтар жетишсиз болуп эсептелет. Күз-кыш мезгилинде вирус жуктуруп алуу тобокелдиги күчөп баштайт. Андыктан, алдын алуу чараларын сакташыбыз керек. Бет кап тагынып, колду жууп же антисептик колдонуп, социалдык аралыкты сактоо да зарыл”, — деди ал.
Сөзүнүн аягында, ал дарыгерлерди, мугалимдерди, калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн адамдарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.










