Коронавирус. Германия Кыргызстанды кооптуу аймактардын тизмесинен чыгарды

11-февралдан тарта Кыргызстан кооптуу аймак болуп саналбайт жана Кыргыз жарандары Германияга кире алышат. Бул тууралуу Германиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, 13-февралдан баштап SARS-CoV-2 коронавирусуна каршы эмдөөнүн толук циклин, Европанын дары-дармек агенттиги тарабынан бекитилген вакциналардын бири (же үчүнчү өлкөлөрдө колдонулган бул вакциналардын эквиваленттеринин бири) менен эмделген адамдар Кыргыз Республикасынан Германияга кире алышат.

«Бул жарандар үчүн кимдир бирөөнү зыярат кылуу же турист катары эс алуу максатка ылайык болуп эсептелет. Эмдөөнүн толук циклин алган адамдар керектүү визаны алуу үчүн Германиянын Бишкектеги элчилигине кайрыла алышат», — деп айтылат маалыматта.