Abank july
SerepTV Logo

Коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу Кыргызстанга карантин киргизилиши мүмкүнбү?

Коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу Кыргызстанга карантин киргизилиши мүмкүнбү?

«Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу карантин киргизүү маселеси азырынча карала элек», - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова маалымат жыйында. 

Анын айтымында, коронавирустун дагы бир түрү 32 мутацияны камтыйт. «Саламаттык сактоо министрлиги профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен өлкөгө кирүү алгоритмин өзгөртүүнү карап жатат. Буга чейин акыркы 72 саатта жасалган терс ПЦР-тест менен гана кирүү мүмкүн деген чечим бар», - деди ал. 

Анын айтымында, азырынча башка чектөө чаралары каралбайт. Ал санитардык нормаларды сактоого жана эмдөө алууга чакырды.