«1-январдан тарта кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун көлөмү көбөйөт». Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо министрлигинен маалымдашты.
Эми иштеп жаткан кош бойлуу аялдарга 10 иш күнү үчүн эмгек акынын 100 пайызы, ал эми 11-күндөн тартып айына 2000 сомдон төлөп берилмекчи. Буга чейин 1000 сом төлөнчү. Мурда бул сумма орточо 3 600 сомду түзсө 2024-жылдын 1-январынан тартып 7 500 сомдон бериле баштайт.
Ал эми бийик тоолуу шарттарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул толук эмгек акынын өлчөмүндө, башкача айтканда, бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100 пайызы берилмекчи.
Мурда качан төлөнчү эле? Мен 3 жолу төрөдүм, үчөөндө тең декреттик эле төлөмдү алдым, андан бөлөгүн алган эмесмин