Ковид кайра күч алдыбы? Санэпидемстанциянын жообу

Социалдык тармакта «ковид-19 кайтып келди» деп ден соолугунун начарлашына арызданган колдонуучулар көбөйүүдө. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан өлкө боюнча учурдагы эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат беришти.

«Акыркы жумада Бишкек, Чүй, Ош облустарынан 12 адам ковидге кабылганы аныкталган. Алардын баары амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. Эки жума мурунку көрсөткүчкө салыштырмалуу өткөн жумада 10 кишиге көп ковидге кабылгандар катталды», — деп билдиришти санэпидемстанциядан.