SUPERTV’нын бул жолку каарманы мындан 2 жыл мурун поезддин алдында калып, эки бутунан айрылып калган Тилек Жумабеков. Анын айтымында, окуя Жаңы жыл түнү болгон. Достору менен майрамдап отуруп, мас абалында поезддин жолунда жатып калган. Эртеси ооруканада ойгонуп, эки буту жок экенин билген.
«Кыргызстанда жумуштун жоктугунан Орусияга кеткенбиз. Ал жакта да азыр тынч болбой, жашоо кымбат болгондуктан кайра келдик» деген жаран эки бутунан ажыраган күндү эстеди. «2020-жылы 31-декабрда поезддин жолу жакта жашачумун. Балдар менен чогуу отуруп, кичине ичкем. Мас болуп кулап кылыптырмын. Үстүмдөн поезд өтүп кетиптир. 1-январда эсиме келдим. Көзүмдү ачсам эки бутумду кесип салышыптыр. 1,5 ай ооруканада жаттым. Досторумдун бирөөсү үйүнө кетиптир. Дагы бир досум жанымда эле басып жүрө бериптир. Бул менин катам болду. Мен базарда соода кылып иштечүмүн. Ошол жылы үй-бүлөм менен тосом деп үйдө калгам. Кете берсем болмок экен дейм», — дейт эки бутунан ажыраган жигит.










