«Көзүндө шишик байкалган». Акыйкатчы ур-токмокко алынган жарандарга жолукту

Милиция тарабынан ур-токмокко алынган жарандарга Акыйкатчы Атыр Абдрахматова УКЖга барып жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Кечээ, 16-июнда Акыйкатчынын аппаратына Аламүдүн РИИБиде шектүү катары кармалган жарандардын ур-токмокко алынышы тууралуу маалымат түшкөн. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова аппараттын кызматкерлери менен бирге маалыматты тастыктоо үчүн Аламүдүн РИИБиге барган учурда, кармалган адамдарды Бишкек ШИИБинин УКЖна алып кеткени маалым болду. Аталган жерге барганда УКЖнын кызматкерлери аларга эч ким алынып келбегендигин билдиришкен. Андан соң Чүй облусунун Москва, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан таап, шектүү катары кармалган жарандар менен Атыр Абдрахматова жолугуп сүйлөштү. Бири Москва УКЖда болсо, экөө Сокулуктун УКЖда кармалып турушкан. Сокулукта кармалып турган экөө арыз жазуудан баш тартышты, бирөөсүнүн оң көзүндө шишик байкалган. Москва УКЖда кармалып турган өз арызын жазып берди. Бул боюнча тийиштүү иштер башталды.

Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан Акыйкатчынын иш алпаруусуна тоскоолдуктар болуп, жеринде АКТ түзүлдү. Бул боюнча дагы тийиштүү иштер алып барылат.