Көзүңө жаш тегеренет! «Яндекс.Еда» кеминдик жигит менен анын апасы тууралуу видео жарыялады

Кечээ, 3-январда «Яндекс.Еда» орусиялык кызматы жаңы жылдык ролик жарыялады. Видеону көргөн соң, көзгө жаш тегеренери анык.

Кызмат Жаңы жылдын алдында өзүнүн курьерлерине алардын жакындарынан кечки тамак жеткирип берген. Кызматкерлеринин айрымдары кымбат баалуу билеттерден улам үйүнө бара албай же кээ бирлери атайын эле майрам күндөрү иштейин деп калган. Мына ушундай күндөрдө сервис кызматкерлерин колдоону туура көргөн. Роликтин каармандарынын бири Адилет аттуу жигит. Ага апасы Кеминден боорсок менен бешбармак берип жибергени көрсөтүлөт.