«Краш» атыккан чек ара кызматкери: «Ата-энем тирүүсүңбү деп чалып жатышты»

Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда “Жолдош полковник, бир сантиметр да жерибизди бербейбиз” деген видео тараган. Видео элге кеңири жайылып, андагы жигит көпчүлүк кыздарды суктандырып, “краш” атыккан эле. Ал — лейтенант Эламан Жунушалиев. Биз дал ошол жигитти маекке чакырдык. Каарманыбыз интервьюда өзү, кесиби, жеке жашоосу жөнүндө айтып берди.

«Чек ара кызматынын маалымат кызматы бөлүмүндө иштесек деле аскербиз. Негизи мен окууну быйыл эле бүткөм. 5 жыл Москвада окугам. Бүткөнүмө 1 ай боло электе Баткенге кеттим. Биринчи жолу ушундай окуяга туш болдум. Мен өзүмдү кантип алып жүрүш керектигин деле билген жокмун. 1 сааттан кийин мекенди коргош керек, жардам бериш керек болду. Керек болсо, ал жерде өз өмүрүңдү унутуп коесуң», — дейт ал.

Анын Баткенге кеткенин жакындары билген эмес. «Мен жакындарыма Баткенге кетип жатканымды айткан эмесмин. Алар жаңылыктарды угуп, чала башташты. Кызмат экенин алар деле түшүнүштү. Бирок чалып «тирүүсүңбү деп сурап жатышты», — дейт күлүп.