«Кризистен банктар эң көп табууда», «Улуттук банк валюта рыногун унутту», «1 адамга 100 эле доллар». Бир канча депутат долларга издөө салды

«Кризистен банктар эң көп табууда», «Улуттук банк валюта рыногун унутту», «1 адамга 100 эле доллар». Бир канча депутат бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңеште доллардын тартыштыгына байланыштуу жаралган маселени көтөрдү.

«Ачык эле тоногон бир эле институт бар, анын аты банк болуп калды. Валюта курсунун жазылганы башка, иш жүзүндө алмашканы башка. Бул көз көрүнөө эле мамлекетттеги чоң мыйзам бузуу жана элдин бетине түкүрүү. Мурда сырттан миң доллар жөнөтүлсө, бул жактан ошол сумманы алышчу, азыр миң доллар же евро жөнөтсө, азыр 970 доллар же евро алып жатышат. Жөн жерден 3 пайызын кармап калышууда. Улуттук банктын төрагасы качан келсе, «доллар жетишпей жатат» деп тил эмизип кетет. Бул жөн эле валюталык мафиянын кылган иши. Ансыз деле мигранттардын акчасына жашайбыз. Маңдай тери менен тапкан алардын акчасынан кертип алып, тойбогон эмнеси калды? Бүгүнкү кризистен эң көп тапкан ушул банктар болуп жатат», — деди депутат Нуржигит Кадырбеков.

«Акча алмаштырылуучу жайларда акча жок. Акча каякта? Улуттук банк валюта рыногун такыр эле унутту», — деди депутат Балбак Түлөбаев.

«Акча алмаштырылуучу жайларда, банктарда доллардын курсун 84 сом 30 тыйын деп жазып койгон. Бирок кирсе, 86 сом 20 тыйындан кем эмес сатып жатышат. Ошондо да бир жаранга 100 гана доллар деген чектөө бар экен. Ошондой мыйзам чыгарып алышыптыр. Бул эмне экономикалык кризиспи?» — деди депутат Жусупбек Коргонбай уулу бар.